ЭЛДИК КАБАР: Ак-Талаа райондук ооруканасына денесинин 40 пайызы күйүп түшкөн наристенин абалы оор

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканага денесинин 40 пайызы күйүп түшкөн наристенин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирди. Окурмандын билдиришинче, баланын денеси кайнак сууга күйүп калган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

"Кокустуктан кайнак сууга денесинин 40 пайызы күйүп калган. Учурда наристеге "Офломелид" дарысы табылбай жатат. Бүгүнкү күндө наристени оорукчан таенеси багып жаткан. Өз ата-энеси Орусияга иштегени кеткен", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
guzel55
2016-05-03 11:10:46
тезиреек сакайып кетсин.
+3
metropolis
2016-05-03 11:14:34
Журогум ....сакайып кетсекен ааламда бирда наристе кыйналбасын ыйлабасын
+4
Usow
2016-05-03 11:32:16
Аллах өзү шыфаа берсин эми
+5
adi.sumi
2016-05-03 11:37:00
ушунчалык да болобу. Алла шыпаа, омур берсин атасы кетседа апасы кетпей эле койбоптур да ушунчалык ачка калбаса к.к эле. Балдарды кыйнабагылачы...
+5
Maripa
2016-05-03 11:37:26
Бала ысык сууга күйгөнчө башкалар эмне кылып жүрүштү? Андай нерсени ойдо, жаш баладан алыс кармашпайбы.
+4
Nasi1981
2016-05-03 11:40:30
Айнанайын Кудайым ушул баладан жардамынды аяба. Тирилик дегенин курусун. Ата энесин балага, баланы ата энеге зар кылып койду го.
+2
Nasi1981
2016-05-03 12:00:58
Урматтуу Бишкек шаарынын колунда бар тургундары, ушул журок ооруткан кабарды окуган болсонор, жогоруда жазылган "Офломелид" даарысын табып Нарын шаарынын Ак-Таала райондук больницасына салып жиберсенер эн чон сооп болот эле. Аллахтын мээрими тушкон инсандары бар болсо, албетте ушул ишти кылат деп ишенели.
+2
mirlan15
2016-05-03 12:01:51
Орусияга кетпегенде силер акча берет беленер? Айла жоктуктан кетишкен да Кыргызстанда жашоо озу ото кыйын болуп жатса , а телевизордон баары жакшы деп атса , Баарын ачык айткан суперге рахмат,
+2
ayjamal83
2016-05-03 12:05:52
mirlan15,атасы милдетту,апасына эмне жок дейм да,тем более наристе кичинекей экен.
+3
ayjamal83
2016-05-03 12:03:17
Атасы уй булосун багат,апасына эмне жок дейм да, кичинекей баланы тируулой жетим калтырбагылачы,апасы эрин коруганы кеттиби,оз энесиндей эчким карай албайт.
+2
kobra86
2016-05-03 12:08:07
Дуа кылалычы Аллахдан тилейличи куноосу жок периште айыгып кетсин Аллахым шыфаа берсин!
+1
bolotbai4
2016-05-03 12:39:33
Иий жаман журок эзилет го,Аллахым ылайым шыфаасын берип,батыраак сакайып кетсин ылайым омииньь.Кимде ким ушул кабарды окуп калса,мумкунчулугу бар же аптекада дары сатып иштеген адамдар силерден сураныч жогоруда жазылган "Офломелид"дарысын жогоиуда жазылган адрес боюнча жонотсонор эн чоон сооп иш кылган болот эленер.Наристенин чымындай жаны кыйналып жатканда жардамыныздарды аябаныздар.
+1
kobra86
2016-05-03 12:42:28
админ биз дарысын алып берели деп чечтик бизди ошол адамдар мн байланыштыргылачы батырак бугун берип жибергенге жетишип калалы
+4
Nasi1981
2016-05-03 12:45:21
kobra86, Аллах ыраазы болсун.
0
admin_portal
2016-05-03 16:57:26
kobra86, саламатсызбы!
Жардам берүүнү кааласаңыз 0701770811 номерине чалсаңыз болот.
+1
kobra86
2016-05-03 21:56:01
admin_portal,рахмат админ тайэнеси мн суйлоштук бираз конулум жай алды Аллах сиздерден ыраазы болсун!
+1
znanylay
2016-05-03 14:22:38
Жүрөк ооруйт го,күйүк менин да жакын адамымдын башынан өткөн,өтө кымбат дарылар талап кылынат.Кудай ай,ушул кичинекей күнөөсүз наристени эртерээк айыктыра көр!Кыйналды го байкуш бала!Бишкекте 4 шаардык оорукананын күйүк бөлүмүндө өз ишин мыкты билген дарыгерлер иштешет.Мүмкүнчүлүк болсо алып келишсе жакшы болот эле.
+1
FSB
2016-05-03 16:19:53
Kokustuktan emes, joopkerchiliktin joktugunan baikush nariste kuyup kaldy. Kudaim koldop, aigyp ket.
0
Bazana
2016-05-03 17:53:06
Ушул ата энелерден сураныч жаш балдарынарды таштап кетпегилечи же кошо ала кеткиле жаш баланын убал сообу кимге эми же пландаштырып анан торогуло бироого таштабай бага турган болуп журогум ооруп чыкты..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан