ЭЛДИК КАБАР: Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде кыргыз самбочулары байгелүү орундарды алышты

Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде кыргыз самбочулары байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, 29-апрелден 1-майга чейин спорттун самбо жана дзюдо түрүнөн эл аралык турнир Тажикстандын Хужент шаарында өттү. "Бул мелдешке Кыргыз Республикасынан, Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан, Тажикстандан жана Орусиядан келген спортчулар катышты. Жалал-Абад ОИИБинин алдындагы “Динамо” клубунан 10 спортчу жана машыктыруучулар барып келишти. Жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБинин Тез чара көрүү атайын отрядынын күжүрмөн даярдык боюнча ага тескөөчүсү (СОБР кызматкери) милициянын капитаны Кубанычбек Көкүмов 100 килограммдан жогорку салмактагылар арасында күжүрмөн самбо түрүнөн 1-орунду багындырды. Ушул эле спорттун түрүнөн 74 килограмм салмактагылар арасында Жалал-Абад “Динамо” спорт клубунан Кубатбек Орозбеков 3-орунду ээледи", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2016-05-03 12:04:12
Ошто кече болгон эрежесиз эр уруш абдан кызыктуу болду Казакстан, Россия,Тажикстан,Озбекстандан келген мушкерлерди биздин жигиттер баарын утушту.
+1
bekiw.801
2016-05-03 12:04:46
Азаматтар! Кыргызым алга!
+1
Nurik.180212
2016-05-03 20:20:39
Калыстар туура баа бербей уят эле болду Ошто.
-1
Alixan-Nookat.2015
2016-05-03 23:00:18
Калыстардын баары Россиядан болду аларга баары бир ким утат ким утбайт оюн таза болду кучтуусу женди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан