ЭЛДИК КАБАР: Бишкек-Ош трассасында Төө-Ашууга чыккан жолго таш кулап, коркунуч жаратууда

Бишкек-Ош трассасында Төө-Ашууга чыккан жолго таш кулап, коркунуч жаратууда. Бул тууралуу окурман 3-майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. "3-майда Бишкектен Ошко карай жолго чыкканбыз. Төө-Ашууга чыккан жолдо таш көчкүлөрү түшүп, ыңгайсыз абал жаратты. Бактыга жараша, күнү-түнү тыным болбогон кан жолдо эч ким жабыр тартпаптыр", - дейт окурман. Тийиштүү мекемелерден жолдун аталган бөлүгүн карап коюуну өтүнөт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arslan12
2016-05-04 09:33:29
Жаман болуптур го ДЭУ барбы озу?
+1
talant87
2016-05-04 09:38:51
таш тушкондо кадресе сууга окшоп агат экен менда бир коргом таш тушконун
+1
kokboru
2016-05-04 09:41:13
Тоонун башында карера марера жок бекен?
+1
bolotbai4
2016-05-04 09:44:16
Таш тушкон жеринде оор...
-4
meerimbek.zhoroev
2016-05-04 09:58:16
bolotbai4,мындайда женил эле болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан