Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылында төрөт бөлүмү көп жылдан бери иштебейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Биздин айыл райондун борборунан бир нече сааттык жолдо жайгашкан. Айылыбыздагы ооруканадагы төрөт бөлүмү иштебейт. Кош бойлуу келиндерге кыйын болуп жатат, анткени толгоо учурунда бир сааттап унаада жүрүү ыңгайсыздык жаратат. Ошондуктан ушул ооруканадагы төрөт бөлүмүн иштетип беришсе жакшы болот эле. Кош бойлуу келиндер жолдо төрөп койгон учурлар да кездешүүдө. Учурда эки кабаттуу ооруканада 3 гана бөлмө иштейт. Алар: фельдшер, терапевт, балдарды эмдөө бөлүмү", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.