ЭЛДИК КАБАР: Уфада кыргыздар күнөсканада бадыраң, помидор өстүрүп, сатыкка чыгарышты (фото)

Башкортостандын Уфа шаарында кыргыз жарандары күнөсканада бадыраң, помидор өстүрүп сатышууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Уфа шаарында кыргыз жарандары 21 гектар күнөсканада бадыраң, помидор өстүрүп сатышууда. Ушул күнгө чейин 20 тонна бадыраңды сатыкка чыгарышты. Учурда Уфа шаарынын базарларында бадыраңдын 1 килограммы 90 рубль болуп жатат. Бул жерде дыйканчылык менен эмгектенген кыргыз жарандары жүздөп саналат. Биз сыяктуу мигранттарды рубль наркынын төмөндүгү түйшөлтүп жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
travma
2016-05-04 14:47:54
Соз жок Азаматсынар ушул практиканарды Кыргызстанда да онуктургуло
+12
avaz-t02
2016-05-04 15:02:08
Ишинерге ийгилик! 21 гектар теплица иштетуу оной эмес, молодцы!
+12
yakutiya-Mirnyi
2016-05-04 15:07:03
менин эжем жездем женем байкелерим так ушул шаарда парникте иштешет.
+2
tashi62
2016-05-04 15:51:04
Кыргызым алга .
+6
Sema87
2016-05-04 16:18:08
Жакшы жанылык
+4
Medina87
2016-05-04 22:15:56
Тушумунор берекелуу болсун жердештер!
+1
Bolot15
2016-05-04 22:36:17
Ким билет ушул жердештер тажрыйбасы менен бөлүшө алатбы эке.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан