1874-жылы 4-майда кыргыздын мундуз уруусунун өкүлдөрү Алтыбай бий, Жанузак бий жана Махмуд мырзалар мундуз уруусун Орусия империясынын курамына кабыл алуу өтүнүчү менен генерал Герасим Колпаковскийге кайрылышкан.
Кайрылууда алардын 1873-жылы Кокон хандыгынан бөлүнүп жана анын куугунтугунан качып Түркстан аскер округуна келгендиги кабарланат. Кокондуктар мундуз уруусуна кысым көрсөтүп эле тим болбой, аларды талап-тоноп, чекесинен кыра баштаган. Мундуз уруусунун өкүлдөрү генерал Г.А.Колпаковскийге көп убакыт мурун келип, бирок жолуга албаганын билдиришкен. Алар Ташкентке кирүүдө кыйналып, өкүлдөрдүн генералга жашыруун келгендиги кабарланат.