Украиналык ырчы Анастасия Каменских 1987-жылы 4-майда төрөлгөн. Киевде жарыкка келген талант 6 жашында музыкалык мектепке барып, 14 жашында аяктаган. Ата-энеси музыкант болгондуктан, аны фортепиано бөлүмүндө окутуп, музыка тууралуу алгачкы түшүнүктөрдү беришкен. 2006-жылы “Потап жана Настя” дуэти түзүлүп, Анастасия Каменских анда ырдап калгандан кийин КМШ аймагына таанымал болуп чыга келген.