ЖЫЛНААМА, 7-МАЙ: 122 жыл мурун орусиялык физик Александр Попов өзү ойлоп тапкан радиокабылдагыч тууралуу коомчулукка билдирген

1895-жылы 7-майда орусиялык физик Александр Попов өзү ойлоп тапкан радиокабылдагыч тууралуу баяндама жасап, элге тааныштырган. Алгачкы жолу бул датага карата салтанаттуу иш-чара 1925-жылы орун алып, СССРдин аймагында Радио күнү катары белгиленген. Ал эми 1945-жылдан тарта СССРдин аймагында, кийин Орусияда бул күн Радио күнү катары белгиленип келет.

7-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rasul_Rahmanaliev
2016-05-07 11:13:03
Кесиптештер майрам кут болсун!
+1
nargis
2016-05-07 11:27:43
Мен деле куттуктап койойунчу бардык радиодо иштеген кызматкерлерди Майрамыныздар менен эл менен корунбой кундо суйлошкон конул которгон ,кулдургон,жомок,жанылык айткан кызматкерлер дайым АЛГА.
+1
Medina87
2016-05-07 12:01:13
Коомдо радио туйунунун аткарган кызматы эбегейсиз.
Урматтуу радио кызматкерлери майрамыныздар куттуу болсун,ишиниздерге ийгилик1
0
Мэри
2016-05-09 23:36:13
СССР учурунда радиону аябай жакшы укчубуз, (7 сомдукпу же 4 сомдукпу, ушундай радио бар эле).Анда баары камтылчу:таң эрте азан айтылат, анан таңкы концерт,.. 7:15те гимнастика...Анда көркөм чыгармалар окулчу,поэзия мүнөтү, "Театр микрофондо" (драмалык чыгармалар уктурулчу),фольклордук чыгармалар (санат,терме,күү,эпостор ж.б.),эмгекчилер үчүн концерттер,балдар үчүн жомоктор,концерт,классикалык чыгармалар...Ар улуттун тилинде да уктуруулар болчу.Бизди ушул эле радио тарбиялаган экен.
0
Мэри
2016-05-09 23:41:29
Радиоинсценировка болгондо артисттерди үндөрүнөн таанычубуз, көп чыгармаларды окубай эле (анткени китеп табуу кыйын болсо керек эле) радиодон угуп, мазмунун түшүнүп алчубуз.Дикторлорду жакшы билчүбүз... Ушул радиону баалайм, анткени бул жакта баары орду менен, ашыкча эч нерсе жок,олуттуу сүйлөшөт, көрүнгөн эле музыканы бере бербейт. Бул радиону жаштар укса жакшы болмок,укпайт го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан