1971-жылы 7-майда залкар манасчы Саякбай Каралаев 75 жаш курагында каза тапкан.
Ал 1894-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туулган. 1922-1931-жылдары Ысык-Көл өрөөнүндөгү Ырдык жана Маман айылдык кеңештерин башкарган. 1935-1954-жылдары Бишкекте филармонияда артист болуп иштеген. Кичинесинен ырга, жомокко шыктуу болуп, 1918-жылдан тарта Манас баянын айта баштаган. Айтуу ыкмаларын Чоюке, Акылбек өңдүү чоң манасчылардан үйрөнүп, 1925-жылдан баштап аны толук айткан. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500 500дөн ашык ыр саптарынан турат. Ал ошондой эле "Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" сыяктуу чыгармалары жарык көргөн.
Саякбай Каралаев үч Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, медалдар менен сыйланган.
7-майдын жылнаамасы.