Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, хореограф, балетмейстер Мелис Асылбашев 1947-жылдын 7-майында Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы Ленинград академиялык хореографиялык окуу жайын аяктап, 1972-жылдан тартып балетмейстердик ишмердүүлүктү аркалай баштаган. Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында Бизе-Щедриндин "Кармен-сюита", П.Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Ак кеме" жана башка балет-спектаклдерин ийгиликтүү койгон. 1982-жылдан тартып "Ак марал" улуттук бий ансамблинин башкы балетмейстери жана көркөм жетекчиси болуп иштеп келген.