Ош облусундагы Алай районунун Будалык айылында ушул убакка чейин таза суу маселеси чечилбей келет. Эл шор суу ичет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
"Жайында, жазында суу алган жердин айланасы тизеге жеткен баткак болсо, кыш мезгилинде көк муз болуп калат. Суу алабыз деп келип колу-бутубуз сынган учурлар болот. Айылда 90 түтүн жашайт. Чоңдорубуз кызматка келерде кат-кат убада кылып, суу чыгарып беребиз дешкен", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.