ЖЫЛНААМА, 8-май: Испаниялык ырчы Энрике Иглесиас 41 жашка толду

Атактуу испан ырчысы Энрике Иглесиас Испаниянын борбору Мадрид шаарында туулган. Атасы – белгилүү ырчы Хулио Иглесиас, апасы – испаниялык журналист, белгилүү телеалпаруучу Изабель Прейслер. 1979-жылы, Энрике 4 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып, ырчы атасы менен Американын Майами шаарына кетет.

1995-жылы Энрикенин алгачкы испан тилиндеги “Энрике Иглесиас” аттуу альбому жарык көргөн. Бул жыйнак эл жүрөгүнөн орун таап, чыккандан кийинки алгачкы бир жумада эле жарым миллион даанада сатылган. Альбомдогу “Сени сүйүү үчүн” деген ыры хитке айланып, Мексиканын “Марисоль” телесериалына саундтрек катары алынган. Ушул иши үчүн “Эң мыкты латын артисти” наа­мы менен “Грэмми” сыйлыгына ээ болгон.

Атактуулукту багындырган Энрике Уитни Хьюстон жана Алсу менен ырдаган дуэттери камтылган “Качуу” альбомун чыгарат. 2001-жылы чыккан бул жыйнак дүйнөлүк рекорддордун баарын багындырып, андагы хит ырлары менен 16 өлкөдө 50 концерт коюуга жетишет. Испан тилиндеги “Мүмкүн” альбому кийин дагы бир “Грэмми” сыйлыгын алып келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
radyakiz
2016-05-08 17:02:17
Мага аябай жагат. 41- чыккандай эмес озунун жашынан жаш корунот
+5
bagira77
2016-05-08 19:01:56
Мага да жагат. Бизди карабайт да. Болбосо эштекесине карабай тийип алмакмын.
+2
Genar.benicio
2016-05-08 19:56:30
bagira77,Токол кылып алса дагыбы? Ха ха
-2
guljigit96
2016-05-08 20:33:21
Genar.benicio, туура ха ха
-2
Bek94
2016-05-08 20:37:30
Сексуалный кыймыл аракети менен клиптеринде ырдайт го бул
+1
88inara88
2016-05-09 01:55:35
Миллион кошуп берседа тиймек эмесмин, ХХХХ окшотуп,озубуздун кыргыз балдардан койбосун
+1
admin_portal
2016-05-09 09:44:59
88inara88, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
+1
begimai1989
2016-05-09 02:23:51
41 жаш не деген жаш?
-2
behappy74
2016-05-09 07:40:40
begimai1989,41жыл жашады деген жаш
+1
meerimbek.zhoroev
2016-05-09 11:07:43
Туулган кунун менен Энрике
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан