Бүгүн, 8-майда атактуу врач-нарколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Назаралиев 55 жашка толду. Ал 1961-жылы Кемин районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. 1991-жылдары наркология боюнча мамлекеттик эмес дарылоо борборун ачкан. Ж.Назаралиев илимий негизде дарылоонун эң жогорку технологиясын иштеп чыккан жана анын дарылоо ыкмасы Ден соолуктун Улуттук институтунда (Вашингтон) жана Нью-Иорк университетинин окумуштуулары тарабынан жактырылган. Анын изилдөөлөрү 62 илимий эмгекте көрсөтүлгөн. Жеңишбек Назаралиев 12 патент жана рационализатордук сунуштардын автору. Анын наркология боюнча актуалдуу изилдөөлөрү дүйнөнүн 20дан ашык өлкөлөрүндөгү конгресстерде, симпозиумдарда жана конференцияларда көрсөтүлгөн.
Доктор Назаралиев Жер шарынын бардык континенттеринде болуп, наркомания жана наркобизнеске каршы күрөштөгү алардын оң тажрыйбалары менен таанышкан.