Айтылуу “Backstreet Boys” тобу 1993-жылы 8-майда Американын Орландо шаарында алгачкы концертин берген. Эл алдына болгон алгачкы кадамды мектеп сахнасынан баштап, баш айланткан атактуулукка жеткен топтун алгачкы концертине 3000 көрүүчү келген.
Топту бүтүрүүчү класстын окуучулары Эй Жей Маклин менен Хауи Дороу түзгөн. Топ түзүү идеясы эки жигит бир кечеде чогуу ырдап калган күнү пайда болуп, көп узабай өздөрү курактуу мектеп жашындагы балдарды топтун катарына ала башташкан. Алгач топтун мүчөсү катары Ник Картер кабыл алынса, кийинчерээк жакын туугандар Кевин Ричардсон менен Брайан Литтрелл келишкен. Ошондон тартып бир топко чогулган беш жигит чыгармачылыкта тынымсыз эмгектене башташат.