2014-жылы 10-майда Даниянын борбору Копенгаген шаарында өткөн Эл аралык "Евровидение-2014" сынагынын финалында Кончита Вурст жеңип кеткен. 2013-жылдын 10-сентябрында "Евровидение-2014" сынагында Австриянын атынан Кончита Вурст чыгары белгилүү болгон. 26 өлкөнүн таланттары ат салышкан сынактын калыстар тобу жана көрүүчүлөр жеңишти сахнага сакалчан аялдын образында чыккан австриялык ырчы Томас Нойвиртке ыйгарышкан.
Кончита Вурст Европаны "Rise like a Phoenix" ыры менен багынтып, 290 упай топтой алган. 238 упай топтогон нидерландылык "The Common Linnets" дуэти 2-орунду, 3-орунду 218 упай менен швециялык ырчы Саана Нильсен ээлеген. Орусиянын атынан ат салышкан эгиз кыздар Мария жана Анастасия Толмачёвалар 89 упай топтоп, 7-орунду багындырышкан.