Бүгүн, 10-майда "тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулу туулган күнүн белгилөөдө. 26 жашка чыгып жаткан жигит туулган күндү кантип белгилей турганы тууралуу мындайча ой бөлүштү: "Негизи, мен туулган күндү белгилебейм деле. Бүгүн менин эле эмес, апамдын да майрамы. Андыктан апама белек карап жүрөм".
Жеңиш Майрамбек уулу Талас облусунда төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Юридикалык академияга тапшырган. Студент кезинде "Тамашоуго" "Моника Беллуччи" командасы менен катыша баштаган. Команда "Тамашоунун" 5-сезонунда чемпион аталган соң тарап кеткен.
Жеңиш Майрамбек уулу бир нече тасмаларда башкы ролдорду жаратып, кино тармагында ийгиликтерге жетишкен. Ал алгачкы ролун Руслан Акундун "Сүйлөшкөн кызымдын баатыры" ("Герой моей девушки") тасмасында жараткан. Андан сырткары Бакыт Осмонканов менен биргеликте "Бир тууганчик" тасмасында ойногон. Ал эми "Напарниктер" тасмасында жергиликтүү милиция кызматкеринин ролун жараткан.
10-майдын жылнаамасы.