1973-жылы 11-майда СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева 47 жаш курагында каза болгон. Б.Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында туулган.
1936-1941-жылдары Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-1949-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А.Я.Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан тарта башкы солист болуп иштеген. 1949-жылдан баштап Фрунзедеги (азыркы Бишкек) хореографиялык окуу жайында педагог болуп иштеген.
Бүбүсара Бейшеналиева - кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын көп жерге чыгарган. Ал катышкан "Чолпон" балет-фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Б.Бейшеналиева СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-чакырылышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-чакырылышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.