1921-жылы 13-майда Совет бийлиги жакынкы коңшулары менен соода-экономикалык мамилени жакшыртуу максатында Ысык-Көл аймагында айтылуу “Каркыра” базарын ачкан. “Каркыра” базары Каракол шаарынан 80 чакырым узактыктагы айтылуу Каркыра жайлоосунда орун алган. Жазма булак маалыматтарына караганда, Каркыра жайлоосу нукура кыргыздын жери эсептелинип, базарга келген соодагерлер да кыргыз жерине жана кыргыз базарына бара тургандыгын кабарлашкан.