ЖЫЛНААМА, 13-МАЙ: Саясатчы, обончу, аткаруучу Ибрагим Жунусов 55 жашка толду

Саясатчы, обончу, аткаруучу Ибрагим Жунусов 1961-жылы 13-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган. Билими жогорку. 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган.

- Эмгек жолун 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окутуучусу болуп иштөө менен баштаган.

- 1986-жылдан 2002-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу, доцент;

- 2002-2005-жылдары искусство факультетинин деканы;

- 2005-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору;

- 2007-жылы "Ак жол" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

- 2010-жылдын февраль айынан ошол эле жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору;

- 2010-жылы “Ата Журт” идеологиялык демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

- 2010-жылдын 20-декабрынан баштап социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр;

- 2011-жылдын 24-декабрынан тартып КРнын Маданият жана туризм министри болуп дайындалып, 2013-жылдын 26-февралында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен КРнын Маданият жана туризм министри кызматынан бошотулган;

- 2014-жылдын 17-сентябрында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Ибрагим Жунусов Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba_00
2016-05-13 11:15:36
Куттуктайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан