Дүлөй болуп калса да үнүңдү угат,
Сокур болуп калса да сени көрөт.
Сен жок болсоң санаа жеп, калып куурап,
Сен келгенде алгансыйт кайра төрөп.
Күтсө болот энеден укмуш жорук,
Мүмкүн болсо сен үчүн турмак ооруп.
Ал гана эмес, “Муну кой, мени алгын!” деп,
Ажалга да бармак ал сени коруп.
Турар Кожомбердиев
"Коломто"
Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында.
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп отургансыйт жанында.
Казан шуулдап, түбү көөлүү, карарган,
От күчөчү коломтодо таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү,
Апакемдин колдорунан жаралган.
Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,
Малчылардын күнгө күйгөн денеси…
А мен отту бир туугандай сезчүмүн,
Апам болчу анын дагы энеси.
Улукбек Омокеев
"Сен өзүң кала берчи дүйнөм болуп"
Апаке, чыдамыңа теңдеш бирин,
Таппадым мерчем менен өлчөп бүгүн.
Эч кимдин тилин укпас кежир курак,
Эсиме түшүп турат тентектигим.
Көрбөдүм жай отурган бош күнүңдү,
Күймөнүп, карап ачка-токтугумду.
Башкалар сабыр кылып чыдай алгыс,
Көтөрүп жүрүптүрсүң шоктугумду.
“Апа” дейм, жүз түндөрү, миң таңдары,
Кайгырып, жапа чегип турсам дагы.
Ал тургай сүйүнсөм да “апа” дегем,
“Апа” деп ыйлаганмын урсаң дагы.
Назира Байгулова
"Энелер"
Энелер, чыраксыңар жанып турган,
Жашоодо күнүбүздү жарык кылган.
Энелер - көөдөндөгү жакшы сөздөр,
Көңүлдө уюган кирди жууган.
Энелер, кымбатсыңар, улуксуңар,
Сезимде киргили жок, тунуксуңар.
Адамга керектелчү нан, туз, Куран,
Үчөөнөн калышпаган тунуксуңар.
Энелер, мен силерди күнгө теңейм,
Береке бүт ааламга нурун чачкан.
Тириликтин бардыгына жашоо берип,
Дүйнөдө жаман, жакшы кошо баккан.