Эл аралык үй-бүлө күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында 1993-жылы кабыл алынган. Үй-бүлө коомдун негизги элементи катары адамзат баалуулук казынасынын кызматын аткарып, маданий жана тарыхый дөөлөттү муундан муунга мураска калтырууда алмашкыс роль ойнойт. Үй-бүлө канчалык бекем болсо, мамлекеттин да экономикалык күч-кубаты көтөрүлөт. Ошондуктан үй-бүлөнүн абалына жараша мамлекеттин өнүгүү деңгээли аныкталат.
15-майдын жылнаамасы.