Бүгүн, 17-майда Бишкекте "Элдик парламенттин" митинги пландалган. 50 миң адам чогултууну пландаган "Элдик парламенттин" тилегин таш каап, Бишкек мэриясы аларга борбордук аянтта митинг уюштурууга уруксат бербей койгон.
Учурда митинг "Жеңиш" аянтында өтөт деген маалымат менен бул жайга келген журналисттер бир гана адамды көрүштү. Ал камакка алынган Бекболот Талгарбековдун тууганы - Мырзакан Мамытов. Ал Талгарбековду камактан бошотуу талабы менен келген.
Кошумчалай кетсек, 12-майда "Элдик парламенттин" лидери Бекболот Талгарбековдун үйүндө УКМК тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, ал өзү суракка чакырылган. 13-майда Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаевге жана уюмдун башка өкүлдөрүнө карата кылмыш иши ачылган. Алар "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери менен айыпталышууда. 14-майда болсо Биринчи Май райондук сотунун чечими менен оппозициялык "Элдик парламент" биримдигинин лидерлери 2 айга камакка алынышкан.