Бүгүн, 17-майда Бишкекте "Элдик парламент" биримдигинин митинги пландалган. 50 миң адам чогултууну пландаган "Элдик парламентке" мэрия "Ала-Тоо" аянтында митинг уюштурууга уруксат берген эмес.
"Элдик парламент" биримдигинин бүгүнкү митинги болбой турганын журналисттерге аталган биримдиктин мүчөсү Расул Умбеталиев билдирди. Анын айтымында, буга "Элдик парламенттин" лидерлери камакка алынып, бийлик тарабынан кысым көрсөтүлгөнү себеп болду.
Кошумчалай кетсек, 12-майда "Элдик парламенттин" лидери Бекболот Талгарбековдун үйүндө УКМК тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, ал өзү суракка чакырылган. 13-майда Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаевге жана уюмдун башка өкүлдөрүнө карата кылмыш иши ачылган. Алар "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери менен айыпталышууда. 14-майда болсо Биринчи Май райондук сотунун чечими менен оппозициялык "Элдик парламент" биримдигинин лидерлери 2 айга камакка алынышкан.