968 жыл мурун, 1048-жылдын 18-майында Персиянын улуу акыны, математик, астроном, ойчул Омар Хайям туулган (толук аты-жөнү - Гиясаддин Абу-ль-Фатх Омар ибн Ибрахим аль-Хайям Нишапури). Ал Нишапур шаарында (азыркы Иран мамлекетинде) жарыкка келген. Билимди Самарканд шаарында алган. Кийинчерээк Бухарага барып, ал жерде математик жана астроном катары көптөгөн ийгиликтерге жетишип, орто доордун көрүнүктүү илимпоздорунун бир болгонго жетишкен.
Ал эми 1131-жылдын 4-декабрында 83 жашында Ирандын Нишапур шаарында көз жумган.