Юрист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чолпон Баекова 1947-жылы 18-майда Ош облусунун Куршаб айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин 1969-жылы бүтүрүп, 22 жашында дароо эле прокурорлук кызматка келип отурган. Кийин башкы прокурордун жардамчысы, Жогорку Соттун судьясы, Ысык-Көл облсотунун төрайымы, Жогорку Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрайымы, башкы прокурору болуп иштеген.