ЖЫЛНААМА, 24-МАЙ: "Өздүк майрамды чоң шаан-шөкөткө айлантып, шарактап мас болуп белгилебейм" дейт куудул Борончу Кудайбергенов

Бүгүн, 24-майда куудул, тамада жана ырчы Борончу Кудайбергенов 50 жашка толду. Белгилүү куудулду өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыктык:

"Эртең менен эрте туруп намаз окуп, көзү өтүп кеткен ата-энеме куран окудум. Бул дүйнөгө келишиме алар себепчи эмеспи. Бул күндү Кудайдын куттуу күнү катары эле кабыл алам. Өздүк майрамды чоң шаан-шөкөткө айлантып, шарактап мас болуп белгилебейм деле. Дос-туугандарым куттуктап жатышат. Азыр жоро-жолдошторум менен тынч эле белгилеп жатабыз. Куттуктаганыңыздар үчүн рахмат!"

Борончу Кудайбергенов 1966-жылы 24-майда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда туулган. 1984-1986-жылдары Чаектеги №26-кесиптик-техникалык орто окуу жайында окуган. 2003-жылы Жеке ишкерлерди өнүктүрүү институтуна тапшырып, 2008-жылы бүтүргөн. Борончу Кудайбергенов 2006-жылы белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен уюштурулган "Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы" деген фестивалда баш байгени алып, Мерседес жеңил автоунаасын утуп алган. 2010-жылы Меккеге зыяратка барып, ажы болуп кайткан. 2011-жылы өлкө президенттигине талапкерлигин койгонго аракеттенген, бирок БШК Борончу Кудайбергеновдун талапкерлигин коюуга уруксат берген эмес.

24-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tashi62
2016-05-24 16:24:53
Тынар экөөнүн таарынычы эмнеден болгон экен .
0
Arslan12
2016-05-24 16:49:55
tashi62,Таарынычтын баары акчага такалат да.
+1
operaledi
2016-05-24 17:33:06
Туулган кунуну кут болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан