Мындан 47 жыл мурун, 1969-жылы 26-майда орусиялык ырчы Анжелика Варум Украинанын Львов шаарында төрөлгөн. Атасы Юрий Варум композитор болсо, апасы Галина Шаповалова режиссёр болгон.
Анжелика Варум 5 жашынан фортепианодо ойносо, мектепте окуган кезинде гитара черткен. Жогорку класстарда окуп жүргөндө мектептин театры менен гастролдорго чыга баштаган. Ырчылык карьерасын 1990-жылы баштап, алгачкы "Good Bye, мой мальчик" аттуу альбомун 1991-жылы чыгарган, андан бери 13 альбом чыгарганга жетишкен. 2011-жылы "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" наамын алган. Орусиянын Улуттук "Овация" сыйлыгынын 3 жолку ээси.
26-майдын жылнаамасы.