SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйгөн адамыңа бат-бат телефон чала берүү туурабы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен саат сайын чалып турса деле каршы эмесмин. Эч ким чалбагандан көрө жакшы да, бир аптадан бери телефонума чалуу келбейт".
"Сүйгөнүң бир күндө жүз жолу чалса да сүйүнүп сүйлөшө бересиң, өздүк тажрыйбамдан".
"Менин жеке көз карашым, саат сайын же бир күндө улам-улам чала берүүгө да болбойт. Чалба эмес, чал, бир күндө эки-үч жолу. Улам чала бергенде сүйлөшкөн сөздөрүңдүн да мааниси жоголот".
"Менин сүйгөнүм бир күндө бир жолу гана чалат эле, дайыма кечинде жумуштан үйгө барганда чалат болчу. Сөздөрүнө тойчу эмесмин".
"Беш-алты саатта бирден чалса эч нерсе эмес. Ар он мүнөт сайын чалып, "Кандайсың, эмне кылып жатасың?" деп сурай берсе, бир жуманын ичинде эле тажап кетесиң. Тез-тез чала берсе кызыгы да кетет. "Уф!" дейсиң да, телефонду өчүрүп саласың, бир-эки саатка, сураса "заряд өчүп калды" деп коёсуң".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.