Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте №39 автобус оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Интернет желесине аталган окуянын видеосу тарады.
Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, жол кырсыгы Жибек Жолу - Калинин көчөлөрүнүн айланасында болду. Анын кесепетинен №39 автобустун сегиз жүргүнчүсү жабыркады.
"Zongtong үлгүсүндөгү автобус чыгышты көздөй бара жатып, Калинин көчөсүнө жетпей жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсык бүгүн саат 07:20 чамасында болгон. Жабыркагандардын сегизи тең "Тез жардам" кызматы тарабынан шаардык ооруканага жеткирилди",- деп кошумчалады мекеме.
Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары териштирилип жатат.