"Кыргызстан сулуусу – 2025" наамынын ээси Сюзанна Уметова Японияда өтүп жаткан "Miss International-2026" сынагынын финалына катышат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин ал улуттук кийимдер сынагында ак илбирстин жана кыргыз тоолорунун образын чагылдырган кийими менен сахнага чыккан.
Сынактын финалы бүгүн, 25-ноябрда Токио шаарында өтөт. Ага дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнөн келген сулуулар катышууда.