Чет элдик маалымат булактарында Иран мамлекетинин жарандары быйыл Меккеге ажылыкка бара албасы тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатат.
Ирандык телеканалдын маалыматына караганда, Ирандын бийлиги бул көрүнүш боюнча Сауд Арабиясынын бийлигин күнөөлөп жатат. Алардын пикири боюнча, эки тарап ажылык маселесин макулдаша алган эмес. Иран болсо Сауд Арабия бул жаатта тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтат.
Кыргыз жеринде учурда ажылыкка баруучуларды каттоо иштери аяктап калды. Өлкө боюнча 34 каттоо пункту иштеп, ажылыктын баасы ар бир жаранга 2550 доллардан болууда.