Нарын облусунун Нарын шаарына караштуу Жылуулук берүүчү ишкана көмүр кенин калк жыш жайгашкан жерге төгүп, жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарында борбордук көчөгө жакын жерде, жатакана жана бала бакчанын жанында 5,5 тонна көмүр сакталып турат. Катуу шамал болгондо же аба ырайы кескин өзгөргөндө көмүргө жакын жайгашкан турак жайларга учуп, жарандардын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизерин аталган инспекция эскертет.
"Мынча көлөмдөгү көмүр кени ачык жерде, турак үйлөргө жакын сакталбашы керек, өздөрүнүн көмүр сактоочу жайы бар, ошол жерде сакталышы керек. Бул жерде турганы санитардык жана экологиялык нормаларга такыр туура келбейт. Нарын жылуулук ишканасына эскертүүлөр берилип, административдик чаралар көрүлдү. Мамэкотехинспекциянын адистери жарандардын ден соолугун жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында көмүрдү тез арада чыгаруу талабын койду", -деп айтылат маалыматта.