SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ээлерин сактап калган иттер" аттуу видео жүктөлдү (ник: Epke).
Ит адамдын эң жакын досу экенин кезектеги видеодо баяндалган окуялар далилдейт. Анда иттер кантип адамдарды сактап калганы тууралуу айтылат. Алсак, кыш мезгилинде жаңы төрөлгөн наристени бирөөлөр таштап кеткен жеринен таап алып, куткарып калган ит тууралуу, ошондой эле токойдо жоголуп кеткен 3 жашар наристе кыз суук түндө Тип аттуу итин кучактап жатып аман калганы жөнүндө баяндалат. Мына ушул жана башка адамдарды куткарып калган иттер тууралуу кызыктуу маалыматты видеодон көрсөңүз болот.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.