30-майда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 30-майда кабарлады.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 27-майында КРнын ӨКМнын телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлдү.