29-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен Баткен облусунун Кадамжай районунда селдин кесепетинен жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жеткирилди. Мэриядан кабарлашкандай, табигый кырсыктан жапа чеккендерге жалпысынан 550 миң сомго жакын акча каражатына биринчи гуманитардык жардам жеткирилди. Алар негизинен азык-түлүк: ун, кесме, күрүч, өсүмдүк майы жана кант. Мындан сырткары биринчи жардам көрсөтүүгө зарыл болгон каражаттар да жөнөтүлөт.
Эскерте кетсек, 27-май күнү Кадамжай районунун Жийделик аймагында тынбай жамгыр жаап, катуу сел жүргөн. Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, 1 машина сайга кулап кеткен. Анын ичиндеги 4 чоң киши жана 2 жаштагы бала каза болгон. Дагы бир 6 жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүрүшкөн. Ал эми сел агызып кеткен унаада дагы бир 3 жаштагы бала болгону айтылып, куткаруучулар издөө иштерин улантышууда.