2016-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бактыбек Адыловдун катышуусунда Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилиги билдирди.
"Жолугушуунун жүрүшүндө мекендештерибиз үчүн актуалдуу болгон миграциялык саясат, билим берүү, саламаттыкты сактоо маселелери, жалпы эле кыргыз мигранттарынын социалдык абалы жана миграциялык процесстин азыркы кездеги абалы тууралуу маселелер талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү Орусияда мекендештерибизге көмөкчү болуучу КРнын Миграциялык кызматынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыккандыгын белгилешти",- деп айтылат маалыматта.