ЖЫЛНААМА, 31-МАЙ: Кыргыз Республикасындагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезити 14 жашка толду

14 жыл мурун, тактап айтканда, 2002-жылы 31-майда Кыргыз Республикасындагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны жарык көргөн. Гезит ал кезде сканворд, баш катырмаларга басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Убакыттын өтүшү менен гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып отурган. Көңүл ачуучу, маанайшат багытка басым жасап, кыргыз шоу-бизнесинин жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө салым кошкон. Гезит түстүү жана сапаттуу басылмага айланып, шоу-бизнестен тышкары коомдогу көйгөйлүү, актуалдуу маселелерге кеңири орун бере баштаган. Ошентип, "өлкөдөгү номур биринчи гезит" атагына ээ болгон.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кыргыз өлкөсүнүн аймагына таркатылган басылмалардын нускасы боюнча жүргүзгөн анализи менен "Супер-Инфо" гезити 2013-жылдын алдынкы 25 гезитинин 1-катарына чыккан. Өлкөнүн көпчүлүк гезиттери басылып чыгуучу "Учкун", "ММКларды колдоо борбору" жана "Рубикон" басмаканаларынын маалыматына ылайык, 200дөн ашуун басылмалар нускасы боюнча изилденип чыккан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Супер-Инфо" гезитинин өлкөнүн кыргыз тилдүү жана көңүл ачуучу гезиттеринин арасында да 1-орунду ээлегенин белгилеген. Ошондой эле 2013-жылдын аягында "Супер-Инфо" гезити нускасын 120 миңден ашыруу менен өз рекордун жаңылаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sirgak_92
2016-05-31 16:04:17
Oooooo kuttuktaibyz myndan ary da kaleminer kurchup elge dalai kyzmat kylyp eldin batasy tiisin
+2
sirgak_92
2016-05-31 16:11:16
tuulgan kungo chakyrgandy unutpagyla SUPEEER
+2
kenen
2016-05-31 17:03:45
Туулган кунун менен супер гезит
+1
lolo.1
2016-05-31 17:43:00
Куттуктайбыз супер инфо!
+1
salimbek87.kg
2016-05-31 17:57:06
Куттуктайбыз супер силер суперсинер 50-60 жылдыгынардыда бирге тосуп журойлу ишинерге ийгилик супеееееер
+1
salimbek87.kg
2016-05-31 17:59:08
Куттуктайбыз супер силер суперсинер ишинерге ийгилик
+1
altynaiB
2016-05-31 20:04:41
Суперчилер суперсинерго бирок саясат тууралуу жазылган жанылыктардын баарын эле талкуу жабык деп коюпсунар. Ой кетет экен Супер инфонун дагы кислародун кыса башташканбы бул биздин жепжутарлар.
0
sirgak_92
2016-05-31 20:45:46
altynaiB,Ai ai ai ai 14 jashaka tolup atsa kaalo tilek aitpai kaidagy saiasatty aitasyn da
-1
Rifle_3
2016-05-31 22:29:28
Ушуо нерсени жазганы кирдим эле. Чын эле кислород буула баштаган окшойт. Саясат талкуу жабык деп чыгып жатат.
Супер туулган күн жакшы өтсүн !
0
Tansuluu09
2016-06-01 00:52:35
Омуру узуун,кылым каарыткан, кадыр барктуу гезит болсун..
Супер инфодон жалан Гана жакшы жанылыктарды окуп туралы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан