Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылдын ноябрь айында Парижде өткөн Аялдардын демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. Бириккен Улуттар Уюму балдардын укугун, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону өз ишмердүүлүгүнүн бир багыты катары тандап алган.
Эмне себептен 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү катары тандалып алынган? Эл ичинде айтылып жүргөн версиялардын бири - 1925-жылы 1-июнда АКШнын Сан-Франциско шаарында кытайлык жетим балдарга арналып атайын иш-чара уюштурулган.