SUPER.KG порталы 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайт!
Бүгүнкү жайдын алгачкы күнүндө балдардын шаңдуу күлкүсү гана чыгып жаткан учур. Балдар - биздин бактыбыз, келечегибиз! Ата-эненин бактысы, жашоосунун маңызы да бала эмеспи. Андыктан баласынын бактылуу, келечегинин кең болушун тилеп, бүт өмүрүн арнап келет. Балдарга жаркын жашоо түзүп берүү да ата-эненин түздөн-түз милдети.
Бул күнү ар бир бала жылуулукка, мээримге бөлөнсүн. Балалык жыргалчылык, оюн-күлкү менен тез өтөт, андыктан бул көз ирмемдерде алардын көзүнөн ар дайым бакыт нуру өчпөсүн! Балдарга бактылуу балалык каалайбыз!