1-топтогу майып Айзадага майып арабасы берилди, эми ал үй ичинде да жөргөлөбөйт

Күйөөсү таштап кеткен 1-топтогу майып аял Айзада Кожобергеновага көмөк көрсөтүү уланууда. Буга чейин ал көксөп жүргөн максатына жетип, үйлүү болгон. Үй тоюн берип жатканда ага активист Азамат Байматов жана КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги биргелешип, 2 майып арабасын белек кылышты.

SUPER.KG порталына кайрымдуу мекендешибиз Азамат Байматов билдиргендей, арабалардын бири үйдүн сыртында, экинчиси үйдүн ичинде жүрүүгө ылайыкташкан. "Айзаданын уулунун аты - Белек. Ага дагы велосипед берилди. Биз акча тартыш болуп, министрликке кайрылганбыз. Министрлик сунушту четке какпай, сунушубузду орундатты. Жыйынтыгы жакшы, буюрса", - дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Айзада Кожобергенованы жолдошу таштап кеткен. Өзү кыйналып басканына карабай уул тарбиялап келет. Өткөн жылы ал активисттердин аракети менен үйлүү болгон.

Айзада Кожобергеновага майып арабасы, уулуна велосипед берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sultan89
2016-06-01 17:41:07
Алла ыраазы болсун,жакшы иш
+7
Bonia9189
2016-06-01 17:42:43
Азамат байке чын эле азамат экенсиз "АЛЛАХ"ыраазы болсун!
+7
Aza17
2016-06-01 18:31:16
"Аллах" ыраазы болсун. Бул жашоо, сыноо жашоо, бири-бирибизге кайрымдуу бололу, колдоо корсотолу.
+5
asia_92
2016-06-01 18:56:41
Супер инфо рахмат ушуга окшогон адамдардын койгойун эл арасына чыгарып турушат.
+3
lolo.1
2016-06-01 19:07:31
Азаматсыз Азамат ака 2 дуйно бактылуу болун!сиздей уулду тарбиялаган ата апаныз бар болушсун!мынча жакшы кишисиз Азамат ака
+5
88inara88
2016-06-01 19:40:41
Азамат сизге Аллах берсин,ата эненизге таазим демекмин сиздей уулду остургон,бир адамдын оорун женил кылып бердин,ар дайым бейиштин тоорундо журунуз.менда бай болгонумда канча коп болсо ошончо коп-бала алып бакмакмын.
+3
tabyshmak
2016-06-02 10:08:00
Жакшы иш жасап, бул булого жардам бергендерге Жараткан ыраазы болсун! Ал эми бул эжеге кайраттуулукту, бекем ден-соолукту, узун омурду Кудайдан тилеген болоюн. Эже, Сизге Жараткан берген чоон белек бар экен. Ал Сиздин уулунуз. Жашоонун кандай гана сыноосу болбосун, ошол уулунуз учун баарын женишиниз керек. Буйруса уулунуз деле чоноюп калыптыр. Уулунуз эне эмгегин баалаган, акыл-эстуу жигит болуп чонойсун. Сизге жана уулунузга чексиз жакшылыкты Кудай насип эткен болсун!
0
Uluk_Kalyev
2016-06-02 15:11:10
Урматтуу министр К.Базарбаев аллах раазы болсун жакшы иш жасапсыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан