2-июндан 6-июнга чейинки аралыкта нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын туруксуздугу 2-июндан 6-июнга чейин созулуп, нөшөрлөгөн катуу жаан жаайт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.