Акын, жазуучу Анатай Өмүрканов 71 жашка толду. Ал 1945-жылы 2-июнда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында туулган.
1961-жылы Арал орто мектебин, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Тажик ССРинин Мургаб районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1971-жылдан тарта "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылы "Кыргызстан" басмасынын көркөм адабияттар бөлүмүнүн башчысы, 1988-2000-жылдары "Адабият" басмасында башкы редактор, 2000-2006-жылдары "Кыргызстан" басмасында бөлүм башчы, башкы редактор, 2006-2007-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.
2012-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аны Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешине мүчө кылып шайлаган.
Акын Анатай Өмүркановдун туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы "Мөлтүр сезим" деген ат менен Бишкекте жарык көргөн. Акындын ырлары орус тилинде да басылып чыккан. 20га жакын поэтикалык жыйнактын автору, көптөгөн поэтикалык котормолордун авторлошу.