Кыргыздын кичинекей кызы Деңиз Дооронбекова жана 9 мамлекеттин жаш сүрөтчүлөрү Орусиядагы Приморск сафари-багында жүргөн Тимур аттуу жолборс менен Амур аттуу текени көрүүгө жолдомо алышты. Бул тууралуу аталган сафари-багынын сайтында жарыяланган.
Маалымат боюнча, Приморск сафари-багы ушул жылдын 22-январынан 22-майына чейин 5 жаштан 15 жашка чейинки балдар арасында аталган жолборс менен текенин сүрөтүн тартуу боюнча сынак жарыялаган. Жыйынтыгында Орусия, Беларусь, Эстония, Украина, Молдова, Азербайжан, Кыргыз Республикасы менен Казакстан мамлекетинен келген 12 бала Приморск сафари-багындагы жаныбарларды көрө алышат. Алардын барып келүү чыгымын сафари-багынын жетекчилиги өзү каржылай турганы маалыматта айтылган.