Ош шаарынын Ак-Тилек шаарчасындагы А.Мамыров көчөсүнүн жээгиндеги жана Нурматов көчөсүндөгү "Максат" акционердик автобазасынын жанында жайгашкан суюлтулган газ куюучу станциялар текшерилди. Анда экологиялык жана техникалык мыйзамдардын талаптарына жооп бербей, тийиштүү архитектуралык иш кагаздарын албай, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен келишимдин негизинде аталган газ куюучу станциялар орнотулуп, ишмердүүлүк жүргүзүлүп жаткандыгы аныктаган.
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, турак жай массивинин корук зонасы одоно түрдө бузулган. Бул тууралуу Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына аталган газ куюучу станцияларын алып салуу үчүн эскертүү иретинде каттар берилди. Эгерде аталган ишкана Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция тарабынан берилген эскертүүлөрдү өз убагында аткарбаса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрү белгиленет.