SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жубайлардын ортосундагы жаш өзгөчөлүк кандай болуш керек?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эзелтеден бери эле дал ушул суроо эл ичинде көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып келет. Айрымдар "жакшы жашап кетиш үчүн жубайлардын ортосундагы жаш айырмачылык аз болуш керек" дешсе, кээ бири "күйөөсү аялынан көп жаш улуу болгондо гана бактылуу болушат" деген ойлорун билдиришет".
"Эгерде жубайлардын ортосундагы жаш өзгөчөлүк 1 же 17 жаш болгондо, көпчүлүк жубайлар бири-биринин материалдык, финансылык ал-абалына карап баш кошушат. Андыктан алардагы ишкердик мамиле өтө жакшы болот. Натыйжада үй-бүлөдөгү материалдык абал ойдогудай түзүлөт".
"Жаш өзгөчөлүк 3 жаш болсо, дайыма атаандашып, эрегишип-өчөшүүдөн улам ортодогу мамиле жайында эместиги байкалат. Ошол себептен жубайлардын турмушу ар качан бычактын кырында болот. Татаал мезгилдерде бирөөсүнүн башына оор сыноо келсе, экинчиси түгөйүн ушактагандан да кайра тартпайт".
"Жолдошум менден 2 жаш кичүү, статистикага ишенбейм. Биз жыргаган да, куураган да жерибиз жок. Башка үй-бүлөлөрдөй эле урушабыз, кайра табышабыз".
"Жаштан көз каранды эмес го деген тыянакка келдим. Сыйлай билүү жаштагы айырмачылыктан көз каранды эмес. Ал ар бир адамдын өзүнөн болот. Тең чамалдардын ынтымактуу жашап жаткандарын жана өзүнөн 7-8 жаш улуулардын терс мамилелерин деле көрүп жүрөбүз. Беш кол тең эмес. Жакшысы да, жаманы да бар. Жакшы да, жаман да жубай-жолдош болгон өзүбүздүн колубузда. Ошондуктан сыйлашып эле өткөнгө не жетсин".
"Эркектердин 33 жашы, айымдардын 18 жашы - алардын гүлдөп турган мезгили".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.