Кытай инвестициялык компаниясынын төрагасы саламаттык сактоо министри менен жолугушуп, оорукана куруу маселесин карашты

Кечээ, 8-июнда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев кытайлык "Хуан-Хе интернешнл" инвестициялык компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Жолугушууда оорукана куруу маселеси талкууланган. Фей Ма Лю фондунун негиздөөчүсү "Нorizont resort concaltin groop" консалтинг компаниясынын президенти, делегациянын төрагасы Юень Юе өз сөзүндө аталган компания ата мекендик компания болуп эсептелерин жана анын максаты чет өлкөлүк жаш ишкерлер менен кызматташуу болуп саналарын айтты. Ошондой эле Кытайдын ири шаарларында жайгашкан алдынкы ооруканалар менен таанышып кетүүгө чакырды" , - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Делегациянын төрагасы кыргыз жергесине да заманбап жабдуулары менен талапка ылайыктуу оорукана куруу тууралуу кызматташтыкка кызыкдар экенин билдирген. Өз кезегинде министр Талантбек Батыралиев мамлекетке медициналык, өзгөчө онкология тармагында заманбап оорукана курууга инвестиция тартуу абдан пайдалуу жана актуалдуу экенин айткан. Ошону менен бирге Кытай өлкөсү тарабынан расмий түрдө чакыруу келсе, тиешелүү кызматташтыкка бара турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан