SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайсы учурда адамдарга таарынып, капа болосуз?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Билип туруп кыжырга тийип сүйлөгөндөргө, суроого кайрадан суроо менен жооп бергендерге жиним келет".
"Мен чанда таарынам, анда дагы ашып кетсе 4 секундага".
"Атаандашкандар көп, мына ошолорго жиним келип капалана берем".
"Кыргызды бөлүп-жарып, империалисттердин сөзүнө кирген мекендештерибизди көрүп капа болом".
"Мен өтө эле таарынчаакмын, бирөөлөрдүн көңүл борборунда болууну жакшы көргөн жаным көңүл чордонунда 10 секунда болбой калсам эле маанайым түшүп калат. Бирок көп учурда таарынычымды ичиме катып алам, ушундан улам кээ бирөөлөр ошондон колдонуп кетишет. Чеги жок тамашалап коюп катуу таарынтып алышкан маалда алар менен сүйлөшпөй коём".
"Адамды капа кылбоо үчүн аны биринчи түшүнүүгө аракеттениш керек. Айтканды аткара албасаң, сөз менен айтып түшүндүрүп койсо болот. Мен көбүнчө ашыкча чегинен чыгып тамашалашканда таарынып калам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.