Шайлоодо жаранга каалаган участкада добуш берүү мүмкүнчүлүгү эмнеге түзүлбөй жатканынын себеби айтылды

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 10-июндагы көчмө жыйынында Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнүн тутуму боюнча маселе каралууда.

Анын жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев шайлоодо жаранга каалаган жерде добуш берүүгө эмнеге мүмкүнчүлүк түзүлүп берилбей жатканын түшүндүрүп берди.

"Негизи, мындай кылууга мүмкүнчүлүк түзсө болот, бирок эки коркунуч бар. Биринчиден, ар бир шайлоо участкасына бюллетень чыгаруучу аппаратты коюуга туура келет. Жалпысынан мындай жабдууларды сатып алууга 55 миллион доллар керек болот. Экинчиден, борбордук серверге вирус кириши мүмкүн. Мисалы, Молдовада борбордук серверге вирус кирип, шайлоо токтотулуп, 6 айдан кийин жүргүзүлгөн. Чоң чуу болгон. Биздин шайлоо системибиз коопсуз жана көп каражат талап кылбайт", - деди Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Artyr1994
2016-06-10 14:47:15
Эн негизизге себебин айтбай коюшуптур. Эгер борбордо болсо СДПКга биз автоматы турдо добуш кошо албай калат деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан