Жубайы менен үйдө бир жума нан, суусуз калып, курт-кумурскага таланган М.Ларионов аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу 11-июнда SUPER.KG'ге "Карылар ресурстук борбору" билдирди. Анын 83 жаштагы жубайы төрт күн мурун №1-шаардык ооруканадан көз жумган эле.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында аракеч уулу бир жума аларды үйдө нан, суусуз калтырып, болгон каражатты алкоголдук ичимдикке коротуп жүргөнү айтылган. Карыялар үйдөн чыга албагандыктан, курт-кумурскаларга таланып жата беришкен.
Алгач "Тез жардам" кызматына алардын абалын коңшулары кабарлашкан. Дарыгерлер барганда алар 7-8 күндөн бери азыктанбай, битке таланып, оор абалда жатышкан. №1-шаардык ооруканага алынып келип текшерүүдөн өткөрүлгөндө денесинен ар кандай курт-кумурскалардын тиштеген издери байкалган. Акыркы күндөрү карыялар курт-кумурскаларды жеп азыктанганын да айтышкан.