SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Дүйнөнүн эң улгайган адамдары" аттуу видео жүктөлдү (ник: I_love_dance).
Кезектеги видеодо дүйнөдө эң көп жашаган адамдар тууралуу баяндалат. Видеонун дагы бир каарманы Исраэль Кристал "Гиннесстин рекорддор китеби" боюнча эркектер арасында эң узак жашаган адам болуп табылган. Эки дүйнөлүк согушту башынан өткөрүп, II Дүйнөлүк согуш учурунда фашисттердин туткунуна да түшүп чыккан. Андан өлүм жайы аталган туткундан кантип тирүү чыгып кеткенин, узак жашоонун сыры эмнеде экенин сурашканда, Исраэль Кристал "эч кандай деле сыр жок, баары Кудайдын эрки менен гана болот" деген жооп узатат.
Узак жашоонун сырлары эмнеде, ал үчүн адам өзүн кандай алып жүрүүсү керек жана көп жашаган адамдар кандай окуяларды башынан өткөрүшкөн видеодон жооп табууга болот.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.